Ак-Талаа; Бабачал жайлоосунун баяны

turmush
Скачать
Просмотров: 202
 
Опубликовано 29 Июня 2024, 01:23

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Кара-Бүргөн айыл аймагындагы Бабачал жайлоосунун аты сансыз жылкы баккан адамдын атынан аталган.

Жаман-Даван дарыясын бойлой түштүк тарапты көздөй бара жатканда же тактап айтканда "Турук" көмүр кенине жетпей оң тараптагы чоң коктунун ичи Бабачал жайлоосу деп аталат. Ал жайлоо жакынкы жайлоолордун бири. Дал ортосунан Бабачал суусу агып өтөт. Жайлоодо кийик, суур, карышкыр, кашкулак, улар жана башка жаныбарлар мекендешет. Ал эми Бабачал суусу Жаман-Даван дарыясынын оң куймасы болуп эсептелет.

Элдик уламыштарда, илгери Бабачал деген карыя бул коктуда сансыз жылкы баккан экен.

"Аксакалдар айтып кеткен уламыштар боюнча, бул жерди Бабачал деген карыя жердеп, миң сандаган жылкы багып, ошол жылкылары ушул сууну ичкенде суу кадимкидей соолуп калчу экен. Ошондон улам, Бабачалдын суусу, Бабачалдын жайлоосу аталып калган дешет. Мындан башка деле уламыштар жок. Мал бакканга ыңгайлуу жайлоо", - деди малчылардын бири.