Turmush — Кечээ, 10-июнда Жалал-Абад шаарында нефтини кайра иштетүүчү заводдо машыгуу өттү.
Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн бөлүмчө башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Азизбек Сатыбалдиевдин айтымында, 25 өрт өчүрүүчү жана куткаруучудан турган 4 бригадалык топ иш алып барды.