Кадамжайда 3653 тоок жумурткасы жок кылынды

turmush
Скачать
Просмотров: 5
 
Опубликовано 15 Мая 2024, 20:30

Кадамжайда 3653 тоок жумурткасы жок кылынды

Кадамжай районунун дыйкан базарларында, соодо түйүндөрдө, дүкөндөрдө мыйзамсыз сатылып жаткан 3653 даана тоок жумурткасы жок кылынды. Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыгынын башчысы Советбек Калыковдун айтымында райондун аймагына аткезчилик жол менен кирип жаткан жумурткаларга бөгөт коюу, тамак-аш коопсуздугун алдын алуу, ата-мекендик ишкерлер өндүргөн жүмурткалардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө максатында райондук ветеринардык башкармалыктын инспекторлору тарабынан кезектеги маниторинг жүргүзүлгөн.
" Атайын белгиленген мыйзам, токтом, буйруктарга ылайык тамак-аш продукциясынын (жумуртка) белгиленген талаптарга шайкештигин ырастаган документтери жок тоок жумурткаларына мониторинг жүргүзүлдү. Жыйынтыгында 3653 даана жумуртка аныкталып, атайын түзүлгөн комиссиянын чечиминин негизинде Кадамжай шаарында жайгашкан Беккарии чуңкурчасына ташталып, жок кылынды"-, дейт ал.