Кечээ, 7-февраль күнү Кемпир-Абад суу сактагычынын жээгинен Кара-Суу районунун аңчы адиси ар түрдүү сайроочу куштарды кармаган жаранды кармаган.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Кара-Суу району боюнча аңчы адиси Урустамали Абдыкеримовдун Turmush басылмасына билдиргендей, жарандар тарабынан чакыруу болуп, Кемпир-Абаддын жээгинде белгисиз жаран чымчыктарга карата мыйзамсыз аңчылык кылып жатканын айткан.