Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында СПИДге жана зомбулукка каршы жөө жүрүш өттү.
Иш-чара 1-декабрь – СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө жана карата уюштурулду. Жөө жүрүшкө мектеп окуучулары жана шаардагы окуу жайлардын студенттери катышты. Алар №4 Шопоков орто мектебинен мэриянын имаратынын алдына чейин жөө жүрүш жасашты.