Ак-Талаадагы көргөндүн көз жоосун алган Топу-Таш жайлоосу

turmush
Скачать
Просмотров: 2427
 
Опубликовано 25 Июля 2023, 01:14

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Жаңы-Талап айыл аймагына караштуу Топу-Таш жайлоосу көргөндүн көз жоосун алып, кайдыгер калтырбайт. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Шабыр капчыгайы Жаңы-Талап айылынан түштүк тарапка же тактап айтканда айтылуу Соң-Көл жайлоосуна бара турчу жол менен жүрүп отуруп, Кошой-Конуш капчыгайына жетпей күн батыш тарапты көздөй бурулуп, алгач айланасын бийик тоолор, ак чаптар менен курчалган коктуну өрдөп барып жетесиң. Андан соң, эки тарабын чокусу асман тиреген бийик-бийик аска-зоолор орун алган, ортосунан мөлтүрөгөн көк кашка суу шаркырап аккан, тал-терек, кайың, арча, карагай өскөн капчыгайдын ичи Шабыр капчыгайы деп аталат. Шабыр капчыгайын өрдөп бара бергенде чоң жайык чөлкөмдү Топу-Таш деп аташат.

Жаңы-Талап айылынын тургуну Акылбек Бексултанов Топу-Таш деп эмнеден улам айтылып калгандыгын айтты.

"Топ-Таш касиеттүү, карагай-чер өскөн кооз өрөөн. Зооканын кырында көлөмү боз үйдөн чоң таш туруп калган. Алыста караган адамга топудай болуп көрүнөт да. Ошондон улам Топу-Таш деп аташат. Мындан ары, Карагайлуу-Мойнок менен барып Узун-Булакка барып, андан ары Соң-Көлгө ашып кетесиң. Бул жагы Камчы-Булак, Төр өрөөндөрү жайгашкан", - деди А.Бексултанов.
--
Отправлено из Mail.ru для Android