Жогорку кандуу күлүк менен таза кандуу күлүктүн айырмасы эмнеде? Фермер А.Бейшебаевдин жообу

turmush
Скачать
Просмотров: 216
 
Опубликовано 8 Февраля 2023, 16:10

Кочкор районунун Ара-Көл айылынын тургуну Атабек Бейшебаев жогорку кандуу кыргыз күлүктөрүн таптап келе жатат. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы аны менен таанышып, ат таптоонун сырларын укту.

Атабек Бейшебаев 1980-жылы Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Ара-Көл айылында туулган. 1997-жылы Туз айылындагы орто мектебин бүткөн. Ошондон бери мал жана дыйкан чарбачылык менен алектенип келе жатат. Жубайы Наргиза Акынбекова чарбалык иштерине кол кабыш кылат. Экөө бир кыз, үч уулду болушкан. Кызы 8-класста, бир уулу 7-класста окуйт. Андан кийинки уулу 2-класс, кенжеси 3 жашта.