Нарын облусунун Ак-Талаа районунда "Турук" көмүр кенинен ушул кезге чейин көмүр казылбай жаткандыгына байланыштуу жергиликтүү тургундар нааразычылык акциясына чыгышты.
Баетов айылынын тургуну Бекжан Шаршеналиевдин айтымында, кечээ 10-ноябрь күнү жергиликтүү тургундар "Турук" көмүр кенинен ушул кезге чейин көмүр казылбай жаткандыгына нааразы болушуп,
Баетов айылындагы Дөрбөлжүн аянтына чогулушту. Нааразы болгон тараптар менен район акими Жумадилла Жапаров жана анын биринчи орун басары Улан Жылтыров жолугушту.
"Нааразычылык акциянын жүрүшүндө, чогулгандар "Турук" көмүр кенинен көмүр казган ишканалар көмүр казуу иштерин жыл сайын кеч баштап жатышкандыгын, натыйжада натыйжада эл өз убагында көмүр отуну менен камсыз болбой жаткандыгын билдиришти. Ошондой эле, нааразы болгон тараптар "Турук" көмүр кенинин эл үчүн иштетүүлөрүн жана көмүр берүүлөрүн талап кылышты. Жыйынтыгында, бүгүн 11-ноябрь күнү акимдин биринчи орун басары Улан Жылтыров менен бирге көмүр тартуучулар "Турук" көмүр кенине барып, 40 унаа көмүр алып келүүгө токтолушуп, бир пикирге келишкен соң чогулгандар тарап кетишти", - деди Б.Шаршеналиев.