Башкы прокурор К.Зулушев менен Баетов айылынын ардагери Р.Шыгаевдин сүйлөшүүсү

turmush
Скачать
Просмотров: 4590
 
Опубликовано 22 Сентября 2022, 18:00

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну, ардагер Рысбек Шыгаев менен Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Курманкул Зулушев жыйын учурунда залдагы элди күлкүгө салды.

Маалым болгондой, 13-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын ба­шкы прокурору Курман­кул Зулушев, министр­лер кабинетинин төра­гасынын биринчи орун басары Адылбек Касм­алиев, экономика мин­истри Данияр Амангел­ьдиев, президенттин Нарын облустук ыйгар­ым укуктуу өкүлү Алт­ынбек Эргешов жана башка министрликтерди­н, агенттиктердин өк­үлдөрү келишкен. Жыйындын башында Баетов айылынын тургуну Рысбек Шыгаев аксакал сөз сүйлөөгө 2 мүнөт эмес, 3 мүнөт берүүлөрүн айтып чырдаган. Жыйындын соңунда, башкы прокурор Курманкул Зулушев айыл аксакалы Рысбек Шыгаевди кайрадан сөз сүйлөөгө чакырды.

Диалог иретинде;

Башкы прокурор Курманкул Зулушев; - Рысбек аба, эми чыгыңызчы микрофонго. Рысбек аба, эми мындай кылалы. Дагы бир келишип алалы. Сизге ушул залдагы Ак-Талаа элинин атынан 3 мүнөт. Ашпаңыз. Жетпей калып, анан чырдабаңыз.

Баетов айылынын ардагери Рысбек Шыгаев; - Ага деле жетпей калам го. Эми мындай менин айтайын дегеним. Эң биринчи келгениңерге рахмат. Ошончо элдин көйгөйүн чечкенге...

Курманкул Зулушев; - Ток этер жерин айтсаңыз.

Рысбек Шыгаев: - Коё туруңуз. Ток этер жери... "Эшикке чык" дейсиз. Мына бул департаменттин башчысы эшикке чыгып алып, мен кошо чыксам, мени "моминтет" (колун кезеп). "Министр келип сага БСР куруп бериш керекпи" деп. Ушундай кишини эмне ээрчитип келесиз.

Курманкул Зулушев: - Чакыргыла департаменттин башчысын.

Рысбек Шыгаев; - Мына турат, колун түйүп.

Курманкул Зулушев; - Эмне кол кезедиңиз (Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин башчысынын орун басары Абдыбай Жайлообаевге карап)?.

Рысбек Шыгаев; - Аким, неме министр келип...

Курманкул Зулушев; - Аба, эми мен суроо берип жатканда сабыр кылып туруңуз. Ушинте берсеңиз үйдөгү энебиз деле "минтсе" (колун көтөрүп) керек.

Мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин башчысынын орун басары Абдыбай Жайлообаев; - Менин жанымда 3 киши турду. Мен эч нерсе айтпай эле коёюн, ошолордон сураңыз.

Рысбек Шыгаев; - Эми ошол кантип болсун. Бизде суу жок үчүн айтып жатам. Мага эч нерсенин кереги жок. Өзүм кооперативдин башчысымын. Мен партиялык, советтик кызматтарда 45 жыл иштегем. Мага эми бул бала келип алып департамент ушинтсе...Эми мындай, бизге суу керек. Айылга суу керек, БСР керек. Губернатор "жок, болбойт" деп койгон. Болтургула.

Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов; - Рахмат Рысбек аба, рахмат.

--
Отправлено из Mail.ru для Android