Ак-Талаада сүт иштетүү цехин ачуу айтылды

turmush
Скачать
Просмотров: 373
 
Опубликовано 22 Сентября 2022, 12:35

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын тургуну Майрамкүл Сакыева сүттү кайра иштетүү цех куруу зарылдыгын айтып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Баетов айылынын тургуну Майрамкүл Сакыева; "Мен бүгүн сиздерге чоң өтүнүч менен үмүттөнүп келип отурам. Биздин элдин өксүгөн бир арманы бар. Өмүр боюу аткарылбай келе жатат. Себеби, биздин Ак-Талаа районунда бир дагы кайра иштетүүчү цех жок. Азыр мына жашоо кандай кыйынчылык болуп жатат. Бардыгы кымбатчылык. Айлыгың дагы, пенсияң дагы эч нерсе эч нерсеге жетпейт калды. Өзгөчө, мектептин, бала бакчанын балдары 500 километр Бишкектен келген сүт азыктарын пайдаланып жатат. Келечегибиз эмне болот? Аргасыз жашоо биздин райондо. Канча жолу бийликтин төбөлдөрүнө, губернатор, аким бардыгына кайрылып, бир дагы жолу орундалган жок. Азыркы губернатордун, сиздерден үмүтүм чоң. Бизге жок дегенде бизге бирицез ачып бере аласызбы? Мына азыр эл сүтүн көтөрүп көчөдө жүрөт", - деп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиевге кайрылды.

Кыргыз Республикасынын экономика министри Данияр Амангельдиев; "Рахмат эже. Жакынкы арада жаңы бюджеттик саясаттын ичинде райондук жана облустук фонддор түзүлгөн. Ошол фонддор 60 пайызы толугу менен долбоорлорго гана багытталган. Андан тышкары, экономика министринин астында проекти түзгөн бөлүм ачылып жатат. Ошол өзүңүздүн жазган ишиңизди берсеңиз, биз аны долбоорлоп беребиз дагы, ошол фондго тапшырсаңыздар болот. Андан сырткары, Садыр Нургожоевичтин демилгеси менен Нарын жана Ысык-Көл облусуна фонд түзүп жатат. Ал Кум-Төрдүн иштеген продукциясынан 0.6 пайызы болот. Акча жетиштүү болот. Ошол фондду иштетүүнүн 60 пайызы толугу менен жергиликтүү ишкерлерге багытталган акча каражаттары", - деди министр.

Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов; "Майрам эже, мен келгенде айттым эле, акимге дагы тапшырма берилген. Райондордон долбоорлорду алып келип тапшыргыла деп. Сиз долбоорду бериңиз. Бир гана шарты бар. Бул акча кайтарымдуу жана пайызы өтө төмөн болот. Мына биздин фонддун дагы өкүлдөрү бар. Мына Адыл Солтоевич өзүңүз көзөмөлгө алыңыз. Долбоорду алып келип тапшырыңыз. Мына мен байкоочу кеңештен өткөрүп берем. Сүйлөштүкпү", - деди облус башчысы.