"Абайлагыла!":Чүйдө чоң жолдогу коопту жерлер.

turmush
Скачать
Просмотров: 507
 
Опубликовано 14 Мая 2022, 13:26

Чүй облусунун Бишкек-Балыкчы-Торугарт айланма жолунун айрым тилкелеринде коопту жерлер бар.
Бул тууралуу аймактык кабарчыга айдоочулар билдирди.

"Чоң жолдун айрым тилкелеринде жолду экиге бөлүп турган парапеттер туура эмес коюлган. Түнү келе жатканда, парапет бар экендиги жөнүндө эч кандай белги жок. Кокус ылдамдык менен келип, дал ушул жерлерден ашып өтүүгө ашыксаңыз, аталган парапеттерди сүзөсуз. Мындай кырсыктар болуп жатат. Эгер жол белгилерди туура койбогондон кийин, кайсы жол коопсуздугун сөз кылууга болот" - деп айтылат маалыматта.