Бишкекте жол кырсык жасап, качып бараткан айдоочу жөө жүргүнчүнү, электр мамыны сүздү

turmush
Скачать
Просмотров: 897
 
Опубликовано 7 Апреля 2022, 11:05

АКИpress - Оң рулдуу «Субару Форестер» үлгүсүндөгү автоунаа «Опель Астра» унаасын сүздү. Окуя бүгүн, 7-апрелде саат 08:45 чамасында Бишкек шаарынын Чүй менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


 «Айдоочу ("Субару Форестер") жоопкерчиликтен качуу максатында окуя болгон жерден качып бараткан. Ал Исанов менен Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө өтмөктөн 25-30 жаштагы кыз кишини сүзүп, андан ары Бөкөнбаев менен Логвиненко көчөлөрүнүн кесилишинен жолдун жээгиндеги электр мамыны сүзүп токтогон. Жөө жүргүнчү оор абалда ооруканага жеткирилди.

Айдоочу текшерүүдөн өтүп, Бишкек шаарынын 27 жаштагы тургуну В.Т. экени, алкоголдук ичимдик ичкени такталды», - деп айтылат маалыматта. 


Унаа айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө башталды.