Кочкорлук тургун Таласка барганда аны көргөн өкмөт башчы эмне үчүн кубанып, акындар мактап ырдашкан?

turmush
Скачать
Просмотров: 1201
 
Опубликовано 16 Ноября 2021, 12:09

Кыргыз эли илгертеден эле кызга калың берсе же күлүк чабылса, байгесине төө баштаган тогуз берген. Кылмыш кылып, кун төлөсө да төө баштаган тогуз айыбы салынган. «Төө баштаган тогуз» деген сөздүн маанисине аймактык кабарчы кызыгып көрдү.

Кочкор районунун тургуну Болотбек Асанбеков 1995-жылы «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына төө баштаган тогуз алып барганын айтып берди.

«1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдык мааракеси белгиленди. Мен да тойго чакырылдым. Апам, бир туугандарым менен кеңешип, Манас атабыздын арбагынын алдында милдетибизди өтөп коёлу деп, төө баштаган тогуз алып бармакчы болдум. Апам ооруканага жатып калып, бир туугандар менен жүк ташуучу унаама малды жүктөп жөнөдүк. Ал кезде төө бакчу элем. Тамагыбыз үчүн козу союп, бир-эки козу жүктөп алганбыз.

Кыргыз төөнү малдын атасы, четини катары баалайт. Чоң тартууга же байгеге төөнү башына коюп, кулундуу бээ, музоолу уй, топоз мамалагы менен, кой-эчки кылып тогуз жандык байлайт. Ушуну төө баштаган тогуз деп коёт.