Кочкордун бийик тоосундагы «жумуртка» элдин көңүлүн буруп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 8137
 
Опубликовано 25 Октября 2021, 15:25

Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу Сарала-Саз жайлоосунда 4400 метр бийикте жайгашкан Шиш-Чоку деген кооз тоо бар. Ал жакка адамдар оңой менен жете албайт. Ошол тоодо бирөөлөр атайын алып барып, таштап койгондой жумуртка сыяктуу тоголок таш бар. Бул ташты улуу муундагылар «ажыдаардын жумурткасы» десе, кээ бирөөлөр «буудайыктын жумурткасы» деп атап коюшчу экен. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таштын эмне себептен мындай аталып калганына кызыгып көрдү.

Балалык кези Сарала-Саз жайлоосунда өткөн Кум-Дөбө айылынын тургуну Болот Асанбеков кызыктуу уламышты айтып берди..

«Биздин бала кезде бул таштын өңү ак болор эле. Кийин өңү өзгөрүптүр. Шиш-Чокуда мындай таш бирөө эле. Атайын кимдир бирөө алып барып койгондой, чоң таштын үстүндө турат. Бала кезибизде «ажыдаардын жумурткасы» деп айтышчу. Азыр антип айтпай калышты.