«Балам өзүн атып өлтүрмөк эмес»: Сокулукта өмүр бою эркинен ажыратылган түрмөдөн аскер кызматкери өзүн атып өлтүрдү.

turmush
Скачать
Просмотров: 10599
 
Опубликовано 19 Сентября 2021, 18:56

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын контрактык кызматынын аскер кызматкери 2001-жылы туулган Рустам Иминов 17-сентябрь күнүн кечинде Жаңы-Жер айылындагы №19 колонияда кызматтык тапанчадан өзүн өзү атып алгандыгы кабарланды.
Бирок, маркумдун жакын туугандары, маркумду киши колду болуп каза болгон деп эсептешет.
Рустамдын карындашы Медина Иминованын айтымында, аскер кызматкерлери агасынын өлүмү тууралуу ар башка версиядагы маалымат айтышкан.