Шамалдуу-сайлык Нарынбек колуктусун фуралардан куралган картеж менен алып кетти

turmush
Скачать
Просмотров: 8825
 
Опубликовано 14 Сентября 2021, 10:08

Фуралардан куралган картеж менен колуктусун алып кеткен Нарынбек элдин баарын таң калдырды. Бул өзгөчө той Жалал-Абад облусунун Шамалдуу-Сай шаарчасында болгон. Аймактык кабарчы жаш жубайлар менен таанышты.

29 жаштагы Нарынбек 10го жакын Фурага шар байлап, той картежин жасаган. Ал өзү да оор жүк ташуучу унаа айдап жүргөнүн айтат.