7-Август күнү, Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагына караштуу Кызыл-Булак айылынын тургундары ашар жолу менен айылды аралап өткөн 13 км эл аралык маанидеги жолду цемент аралашмасы менен жамоо иштерин башташты. Бул тууралуу айылдык депутат, уюштуруучу Бекболот Гыламов билдирди.
Анын айтымында, 13 км жол аркылуу Кадамжай шаарынан Өзбекстан мамлекетинин Шахимардан, Жардан анклавына өтүүчү жол. Тилекке каршы аталган жол Өзбекстандын да Кыргызстандын да балансында эмес. Ошол себептүү каралбай калып кеткен жол. Аны жыл сайын эл ашар жолу менен өз чөнтөгүнөн чыгаша чыгарып жолдордун тешиктерин жамап келет.
“Эл ашар жолу менен 43 чакырым аралыктагы жолдун 4 чакырым аралыктагы жолдун чуңкурларын 7-август күнү жамады. Ага Гайрат 1, Кескен -Таш, Гайрат 2 айылынын жашоочулары катышып, Азиздан- Санаторияга чейинки өз үлүштөрүн бүткөрүштү. Эми бул эстафетаны Ак-Кыя, Кызыл-Булак, Лангар айылдарынын жашоочуларына узатабыз. 1 күн аралыгында 4 км жолду жамоого 30 дай киши чогулуп, 8 портер шагыл, 60 кап цемент керектелди. Зарыл иштери менен жол жамаганга келе албай калгандар акчалай жардам берип, жолдо иштеп жаткан балдарга ары-бери өткөн айылдаштар суусундук, тамак-аш жана мөмө-жемиштерин узатышып колдоп беришти. Учурда жол жамоо иштери улантылууда.
Мындан сырткары Кызыл-Булак эли, каралбай калып кеткен эч жердин балансында болбогон 13 км жолду минтранстын балансына өткөрүп берүүнү президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповго видео кайрылуу жасашкан.