Эндик казгандарга эми эмне болот?

turmush
Скачать
Просмотров: 21271
 
Опубликовано 23 Июля 2021, 05:07

Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын жайлоолорунан эндик өсүмдүгүн казгандарга эскертүү берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Баетов айыл аймагынын Кара-Суу, Кичи-Кара-Суу, Кызыл-Жылга жана башка жайлоолордон эндик өсүмдүгүн казышып, жайыттар талкаланып, жер кыртышы бузулуп, эндик өсүмдүгүн казгандар көп болуп жаткандыгы боюнча жарандык активисттер айыл өкмөткө, айылдык кеңешке чара көрүү, тыюу боюнча кайрылышкан. Кайрылуунун негизинде айылдык кеңештин отуруму өтүп, курамы айылдык кеңештин депутаттары, жайыт комитети, айыл өкмөтү жана жарандык активисттерден турган атайын комиссия түзүлгөн. Түзүлгөн комиссия кечээ 22-июль күнү эндик казгандарга эскертүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында жайлоолорду кыдырышты. Кыдыруунун жүрүшүндө, аталган жайлоолордун кокту-колот, кырларынан эндик казып жүргөн бир нече адамдар кармалып, аларга жайыттарды талкалап, жер кыртышын бузуп жатышкандыктары түшүндүрүлүп, эскертүү берилди.

Баетов айылдык жайыт комитетинин төрагасы Медер Асаналы уулу эндик казуу 2 жыл мурун эле башталгандыгын айтты.

"Атайын түзүлгөн комиссия жеринде иш алып баруу максатында кыдырып келдик. Эндик казуу 2 жыл мурун эле башталган экен. Өткөн жылдары эч ким билген эмес. Быйылкы жылы эндик казгандар көп болуп кеткендиктен улам билинип калды окшойт. Шиш күрөк, колго жасалган атайын жабдык менен жерди омкоруп эндиктин тамырын казып алышууда. Жер кыртышы бузулуп жатат", - деди М.Асаналы уулу.

Эндик казгандардын бири эндиктин тамырынын 1 килограммын 450 сомдон сатышарын айтты.

"Биз деле жумуш жок аргасыздан казып жатабыз. Оокат кылыш керек. 1 килограммын 450 сомдон сатабыз. 1 мүшөгү 30 килограммга чейин жетет. Мунун тамырынан дары-дармек, косметикалык каражаттар чыгарылат окшойт", - деди ал.

Ал эми комиссия мүчөлөрү бул боюнча тиешелүү жогорку бийликтерге мыйзамдуу же мыйзамсыз жактарын карап берүү же кандайдыр бир чара колдонуу боюнча кайрылышарын белгилешти.

Эндик (Macrotomia) - өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумунун уруусу. Көп жылдык катуу түктүү чөп. Тамыры жоон, тик, кыпкызыл боёктуу. Тамырлаш жалбырактары да, сабагы да кеп. Гүлү тыгыз жайгашып, тогологурак топ гүлдү түзөт. Гүл коргону беш бөлүктүү, гүлү туура түзүлүштүү, жедекчеси түтүкчөлүү. Мөмөсү - жаңгакча. Бул өсүмдүк Орто Азия жана Кавказда 4 түрү, анын үчөө Кыргызстанда өсөт. Боёочу Эндик республиканын тоолорунун таштак беттеринде, аска-зоолордун жаракаларында кенен таралган. Угам Эндики Талас, бозомук Эндик Алай тоо кыркаларында өсөт. Кыргыздар эзелтеден эле Эндиктин куйрук май, кымыз кошуп ачытылган тамырын косметикалык каражат катары колдонушкан.