Turmush — Аксыда селден каза болгон 8 кишинин алтоосу бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу кырсык болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Төлөгөн Султанмуратов билдирди.
Анын айтымында, ушул тапта ӨКМдин куткаруучулары жана 200дөй жайкын тургундар 2 жаш баланын сөөгүн издеп жатышат.