Москва районундагы Беловодск айылынын тургундары жергиликтүү бийликке ыраазычылык билдиришти.

turmush
Скачать
Просмотров: 422
 
Опубликовано 23 Февраля 2021, 19:57

Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылынын Колхозная көчөсүнүн тургундары жергиликтүү бийликке ыраазычылык билдиришти. Себеби, көп жылдан бери үстү ачык турган кудукта суу түтүгү сынып, көчөнү суу каптап жатканын, таза суу менен камсыз болуу көйгөйгө айланганын соцтармактарга жазып чыгышкан. Эми элдин үнү бийликкке жетип, көйгөйлөрү чечилгенине ыраазы болуу менен 23-февраль -Ата мекенди коргоочулар күнү менен да куттукташууда.