«Капчыгайга асып кетишкен нарындык жигиттин дос кызына ошол күнү сырдуу «смс» кат келген»: Окуя тууралуу маркумдун атасы айтып берди.

turmush
Скачать
Просмотров: 35661
 
Опубликовано 1 Декабря 2020, 20:55

21-ноябрда болжол менен саат 13:00 чамасында Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Аламүдүн капчыгайындагы «Жылуу булак» санаторийинин аймагында эркек кишинин жансыз денеси асылып турганы тууралуу билдирүү түшкөн. Белгисиз адамдар маркумдун буттарын, колдорун байлап, оозун скотч менен чаптап, мойнуна аркан салып, даракка илип коюшкан. Маркум Нарын облусунун 19 жаштагы тургуну О.Э. экени аныкталган.