Кароол айыл өкмөтүндө Садыр Жапаровдун баннери илинди. Үгүт иштери башталдыбы?

turmush
Скачать
Просмотров: 6288
 
Опубликовано 19 Ноября 2020, 11:36


Кечээ, 18-ноябрь күнү Өзгөн районунун Кароол айыл өкмөтүнүн имараты жайгашкан көчөгө Садыр Жапаровдун сүрөтү менен кошо « Таза коом, карызы жок Кыргызстан» аталышындагы баннер илинген. Жергиликтүү тургун муну атайын тартып, «үгүт иштери башталдыбы же өз билемдик болуп жатабы?» деп суроо салып социалдык тармакка тасманы жарыялаган.