Нарында авто кырсыктан каза болгон дарыгер Г.Мааданбекованын сөөгү жерге берилди

turmush
Скачать
Просмотров: 14696
 
Опубликовано 24 Сентября 2020, 14:52

Автокырсыктан каза болгон Нарын облустук номер төрүнчү үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жетекчиси, дарыгер Гүлжан Мааданбекова акыркы сапарга узатылды. Бул туурасында анын кичүү иниси билдирди.

Маалым болгондой, кечээ, 22-сентябрда саат 17:20 чамасында аталган түзүмгө Нарын РИИБ тарабынан Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 339-чакырымында эки унаа жол кырсыгына кабылганы боюнча билдирүү келип түшкөн. Ыкчам топ барганда, «Тойота Авенсис» унаасы менен «Хонда Стэпвагон» унаасы жол кырсыгына кабылганы белгилүү болгон. Тактап айтканда, «Тойота Авенсис» унаасы Ат-Башы районунан Бишкек шаарына бара жаткан. Ал эми «Хонда Стэпвагон» автоунаасы Бишкек шаарынан Нарын шаарына келе жаткан. Жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 5 адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан.
«Кырсыктан «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу (аял киши) — Ат-Башы районунун Кызыл-Туу айылынын 1982-жылы туулган тургуну С.А. ооруканада каза болгон. Ушул эле унаанын жүргүнчүсү — Кызыл-Туу айылынын 1976-жылы туулган тургуну Ы.Д. кырсык болгон жерден каза болгон. Ал эми «Хонда Степвагон» унаасынын жүргүнчүсү — Нарын шаарынын 1962-жылы туулган тургуну М.Г. жол кырсыгы катталган жерден каза болгон.

Маркум Г. Мааданбекова бүгүн 24-сентябрь күнү сөөгү жерге берилди.

"Эжем 22-сентябрь күнү «Хонда Степвагон» үлгүсүндөгү таксисттик унаа менен Бишкектен Нарынга чыккан. Эжем унаанын алдыңкы орундугунда отуруп келе жаткан экен. Ал эми аларды сүзгөн унааны аял киши башкарып келе жатыптыр. Ал өзүнүн алдындагы унааны ашып өтүүгө аракет жасап, бирок жетишпей калып каршы келе жаткан «Хонда Степвагон» унаасынын​ эжем отуруп келе жаткан бурчунан сүзүптүр. Эжем ошол эле жерден жан бериптир.
Эжем Гүлжан Мааданбекова 1962-жылы Үгүт айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Кесиби боюнча педиатр. Дарыгерлик кесипти аркалап жүргөнүнө 33 жыл болгон. Артында 1 уул, 1 кызы жана өмүрлүк жолдошу калды. Ал 12-октябрь күнү президенттин колунан сыйлык алмак экен.
Бүгүн, эжемдин акыркы сапарга узатуу зыйнатына облусттук бийликтин өкүлдөрү, кесиптештери жана жакын туугандарынын катышуусунда митинг өтүп, сөөгү жерге берилди", - деди атын атагысы келбеген иниси.