«Альянс-Алтын» компаниясы Талас облусунда короновирусту алдын алуу иштерине 16 млн сом бөлдү

turmush
Скачать
Просмотров: 574
 
Опубликовано 25 Марта 2020, 13:45

«Альянс-Алтын» компаниясы Талас облусунда короновирусту алдын алуу иштерине 16 млн сом бөлдү. иБул тууралуу компаниянын басма сөз катчысы Касиет Карачолокова билдирди.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө «Альянс-Алтындын» алдындагы «Бакубат Талас» фондунун каржылоосунан алгачкы жардам катары Канададан 6 млн сомго коранавирусту тез арада аныктоочу 6 миң тестке буйрутма берилди. Буга катар эле Талас облусуна медициналык коргоочу кийимдер, 11 миң даана бет кап, антисептиктер жана атайын дезинфекциялоочу каражаттар алынып, Талас облусунун штабына тапшырылды. Бул каражаттар атайын тизме менен берилип, көзөмөл менен даректерине жеткирилет.

Галерея: «Альянс-Алтын» компаниясы Талас облусунда короновирусту алдын алуу иштерине 16 млн сом бөлдү
Талас облусунун жетекчиси Марат Мураталиев Талас облусунда коронавирусту алдын алуу максатында аракеттер көрүлүп жаткандыгын айтты.

«Бүгүнкү күндө Талас облусунда коронавирусту алдын алуу максатында көп иштер жүрүп жатат. Жерүйдүн «Бакубат Талас» фондунун каржылоосу менен медициналык каражаттар алынып жатат. Буга чейин 30 миң даана бет кап келген. Бүгүн медициналык кызматкерлери үчүн атайын коргонуучу формалары жана 11 миң даана бет кап таратылууда. Бардык келген каражаттар максаттуу жумшалып, көзөмөлгө алынат», - деди ал.