Чоң-Алайда тоо-текелердин көбөйүүсү калкты кубандырууда

turmush
Скачать
Просмотров: 1689
 
Опубликовано 25 Декабря 2019, 18:51

Чоң-Алай районунун тоолорунда быйыл тоо-текелердин саны өскөн. Жоон топ тоо-текелердин чуркап бара жаткан видеосу социалдык тармакка жарыяланган. Чоң-Алай районунун аңчы адиси Алидин Мамажусупов бир жылдары тоо текенин саны кескин азайып кеткенин, жергиликтүү калк жана мергенчилер менен биргеликте иш алып барылып, текелердин саны өсүүдө.

“ Тоо-текелерди атууга тыюу салынып, аткан адамга 100 миң сом айып пул салынат. Бирок, бир жылда 5 текеге 10 миң сом акча төлөп атканга уруксат берилген. Ар жылдын күз айында санак жүргүзүп, болжолдуу санын алып турабыз. Быйыл да санак жүргүзүлгөн, азырынча айыл өкмөттөрдөн чогула элек”-деди Алидин Мамажусупов.