Баткен шаарында майып балдарга майрам уюштурулуп, белектер тапшырылды

turmush
Скачать
Просмотров: 114
 
Опубликовано 3 Декабря 2019, 17:46

Бүгүн, 3-декабрда Баткен шаарында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнү Баткен шаарында салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка караганда, салтанат А.Жайнаков атындагы театрда өткөрүлүп, анда «Өрүкзар», «Алтын бешик» бала бакчаларынын тарбиялануучулары жана Ж.Бөкөнбаев, А.Имаров атындагы орто мектептеринин окуучулары тарабынан ата-энеси менен келген 120 балага концерттик программа тартууланды. Жергиликтүү маданият кызматкерлери да таланттарын көрсөтүштү. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга мекеме-ишканалардын жетекчилери, демөөрчүлөр тарабынан белектер тапшырылды.