Ак-Талаада жаңы Ак-Тилек айылы түптөлөт

turmush
Скачать
Просмотров: 685
 
Опубликовано 30 Ноября 2019, 16:31

Нарын облусунун Ак-Талаа районунда Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылы биригип, Ак-Тилек аталыштагы жаңы айыл түптөлөт. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2010-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан азыркы учурдагы Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылы жайгашкан чөлкөмдө айыл жайгашып, эл жашаганга болбойт деген чечим чыгарылган. Себеби бул 2 айыл жайгашкан чөлкөмдө жаан-чачын жана жаз мезгилинде сел каптап келген. Мындан улам 2 айылды коопсуз аймакка көчүрүү боюнча чыгарылган чечимдин негизинде Кара-Коо чөлкөмү тандалып алынган. Андан улам ал чөлкөмдөн 147 гектар жер каралып, башкы планы түзүлүп, тийиштүү документтери бүткөрүлгөн. Ошол 147 гектарга жаңы Ак-Тилек айылы түптөлмөк. Аталган чөлкөмгө көчөлү десек жерди трансформациялоо иштери Жогорку Кеңештен чечилип берилбей, карапайым эл минтип кыйналып жашап келишкен.
Айыл эли турак жай кура алышпай же кулаганы калган турак үйүн оңдой алышпайт. Айылга керектүү имараттарды курууга болбойт. Кыймылсыз мүлктөрүн камсыздандыра алышпайт. Турак жайын күрөөгө коюп, насыя алууга да болбойт. Себеби, өзгөчө кырдаалда турган айыл болгондуктан эч нерсеге уруксат берилбейт. Учурда бир үйдө 3-4 төн үй-бүлө жашап, баш калкалап келишүүдө. Эки айылда биригип 132 түтүн болсо, дагы турак жай курууга кезекте турган 276 адам бар.

Кечээ 29-ноябрь күнү жаңы айылдын түптөө боюнча Ак-Чий айылында элдик жыйын өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн өкүлү Алмаз Жээналиев, Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов, район акими Сейтек Кулубаев, айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыпов, жергиликтү тургундар, облустук жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыпов жаңы түптөлө турчу Ак-Тилек айылы туурасында баяндама жасады;

"Ак-Тилек айылын түптөө үчүн Кара-Гоо чөлкөмүнөн 147 гектар жер аянты бөлүнүп берилди. Жаңы айылдын генпланы түзүлгөн. Түптөлө турчу жаңы айылда 2020-жылдын жаз айларынан баштап Ак-Чий жана Жаңы-Тилек айылдарына турак-жай салууга жер тилкелери кесилип бериле баштайт. Бул айылда генплан боюнча жалпы 432 кожолук, заманбап үлгүдөгү 71 туанхаус, 2-3 кабаттуу 34 үй, 270 орундуу 2 мектеп, 1 мечит, 4 бала бакча жана башка ушул сыяктуу обьектилерди курулмакчы", - деди айыл өкмөт башчысы.

Ао эми ЖКтин депутаты жаңы айылды түптөөгө айыл өкмөт башчысынын эмгеги зор экендигин белгиледи;

"Жа айылды түптөөгө процедуралар көп экен. Айыл өкмөт башчысы Эрмек Айыпович мага күн сайын телефон чалчу. Биз ушулга чейин юстиция министрлигине канча жолу киргиздик. Атургай айрым министрликтер документтерди 5 жолу артка кайтарган. Мен Өкмөт башчы Мухаметкалый Абылгазиевге кирип, түшүндүрүп айткам. Биз жолукканда өзүнүн өкүлү Алмаз Жээналиевге "жардам берип кой" деп тапшырма берген. А.Жээналиев министрликтерге байланышып, ишти тездетип берген. Жогоруда айтылган курулуш иштери, жумуш буюрса келечекте болот. Анан сиздер эртең баштап сурай баштабаңыздар. Анткени токтомго кечээ эле кол коюлду. Бюджетте каражат тартыш", - деди депутат.
Ал эми Ак-Тилек деп аталышынын түшүндүрмөсүн айтсак. Ак-Чий айылынын "Ак" деген сөзүн жана Жаңы-Тилек айылынын "Тилек" деген сөзүнөн алынып чыгып, Ак-Тилек айыл аймагы аталды. Жаңы айылдын техникалык паспорту район акимине тапшырылды.