Нарын облусунун Ак-Талаа районунан чыккан жеке ишкер Мирбек Райымов "RENDOM GROUP" курулуш компаниясын негиздеп, кыргызстандыктар үчүн бардык ыңгайлуу шарттары менен 5 кабаттуу үйлөрдү куруп, сатыкка жана 10 жылдык мөөнөт менен ипотекага заманбап квартираларды сунуштоодо.
Ийгиликтүү ишкердин үй-бүлөсү жана эмгек жолу.
Райымов Мирбек Кубанычбекович 1984-жылы 18-апрель күнү Баетов айылында туулган. 1991-2001-жылдары Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде билим алган. 2003-жылы аскердик кызматына чакырылып, аскердик милдетин Нарын облусундагы 546 Танктык бөлүмундө өтөгөн.Аскердик милдетин өтөп бүткөн соң 2005-2007-жылдары Бишкекте май куюуучу жайларды куруп, курулуш тармагында мастер болуп эмгек жолун баштайт. 2008-жылы Ат-Башынын кызы Нагиза Курманалиевага баш кошкон. Жубайы учурда үй кожойкеси. Бактылуу жубайлар 3 кыздын ата-энеси. Улуусу Айбийке 2-класста окуйт, ортончусу Алия 5 жашта. Кичүү кызы Жаңыл 3 жашта. Ысымын ырымдап, мындан аркысы эркек уул болсун деп ырымдап атын Жаңыл коюшкан. 2008-жылы өзүнүн алгачкы ишкерчилигин колго алып, эмерек жасоочу цех ачкан. Цехинде эмеректердин түрүн жасап чыгарган. 2010-2012-жылдары кийим тигүү цехин ачып иш алып барат. 2013-жылы сүйлөшүулөр менен 2 кабаттуу таунхаустарды куруп баштоону чечкен. 2014-жылы "Рендом Групп" курулуш компаниясын негиздеп, ушул жылы 2 кабаттуу 6 таунхаус салууга жетишет. Көптөгөн кыйынчылыктар менен курулган 6 таунхаусту саткан соң, 5 кабаттуу заманбап үйлөрдү курууну колго алган.