Кочкор районунун Көбөгөн-Сай жаңы конушунда байыркы мүрзөлөр талкаланып жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдирди.
Маалыматка караганда, Көбөгөн-Сай конушундагы Шамен-Алыштын алдында байыркы сак, усун элдерине тиешелүү мүрзөлөр орун алган. Бул жерлер союз тарагандан кийин элге турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилген.
Галерея: Кочкордо байыркы сактардын, усундардын мүрзөлөрү талкаланып жатат
«Бийик 2 дөбө бар эле. Аларды кимдир бирөөлөр казып, кум-топурагын, ташын курулуш ишине пайдаланып жок кылышты. Учурда Шамен-Алыштын алдында 2 мүрзө сакталып турат. Ал жерге үй салынса алар да жок болушу мүмкүн», - деди алар.
Тарых изилдөөчү Кабылбек Жумабаев сактар мүрзөлөрдү дөбө кылып, пирамида түрүндө жасашкандыгын айтты.
«Бул айыл ичиндеги байыркы мүрзөлөр биздин заманга чейинки 3-кылымдагы сак, усун мамлекетине тиешелүү. Сактардын мамлекетин усундар талкалап, сактардын калганы усундар менен аралашып кеткен. Усундардын тили белгисиз. Бирок Николай Аристов деген тарыхчы «усун десең кыргыз деп түшүн, кыргыз десең усун деп түшүн» деп айткан. Усундардын мамлекетинин борбору Ысык-Көл болгон. Алардын башчылары кытай, хуннулар менен мамиле түзүп, алардын кыздарына үйлөнүшкөн. Алар Иле Алтай, Кашкарга чейин жердешкен.
Сактар мүрзөлөрдү ушул сыяктуу дөбө кылып, пирамида түрүндө коюшкан. Сактарды жеңип алгандан кийин усун хандыгы орноп, мүрзөнү сактардыкы сыяктуу дөбө кылып жасашкан. Хандардын мүрзөлөрү бийик дөбө болуп, жанына буюмдарын коюшкан. Жөн адамдарга чакан мүрзө жасашкан. Демек бул жок болуп жаткан дөбөлөр бийлик башындагы адамдардыкы. Алар археолог окумуштуулар тарабынан изилдениши керек болчу», - деди ал.
Тарыхчы Кайырбек Коңурбаев тарыхый мүрзөлөрдү талкалоого жол бербеш керек болчу деп эсептейт.
«Ушул сыяктуу тарыхый жайлар Кочкордун Кум-Дөбө айылында да берилип кетип, мыйзамдын негизинде Кара-Бактын ичинен 20 адамдын үлүшү кайра алынган. Шамен-Алыштын алдындагы жерлер союз тараганда билбестиктен бөлүнүп берилген. Ошентсе да тарыхый мүрзөлөрдү талкалоого жол бербеш керек болчу», - деди ал.