Москва районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

turmush
Скачать
Просмотров: 239
 
Опубликовано 2 Ноября 2019, 14:02

Кечээ, 1-ноябрда Москва районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.
Маданият кызматкерлеринин айтымында, салтанатка райондун жетекчилиги, мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери катышты. Иш-чарада М.Рыскулбеков атындагы балдардын көркөм музыкалык мектебинин директору Гүлкайыр Усенова «Маданияттын мыкты кызматкери», райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жамал Молдокулова «Кыргыз Туусунун каарманы» сыйлыктарын алды.
Өз өнөрлөрүн ортого салышкан «Сары - Өзөн айымдары» жана «Ак-Суунун ак элечек айымдары» топтору жандуу ырдашты. Комузчу Санжыбек Молдошерипов так теке күү чертти.