Таласта 60 айылдын жаштарынын көк бөрү боюнча мелдеши өттү

turmush
Скачать
Просмотров: 99
 
Опубликовано 28 Октября 2019, 15:15

Кечээ, 27-октябрда Талас шаарында 60 команда катышкан көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Талас облусунун көк бөрү федерациясынын кабарчысы Эрмек Бактияр уулу билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Талас облусунун көк бөрү федерациясынын вице-президенти Дамир Шабыралиев тарабынан 216 миң сом байге коюлду. Ага 60 айылдан 60 команда катышты.

Жыйынтык:

- 1-орун – Ак-Башат айылы (100 миң сом);

- 2-орун Кызыл-Адыр айылы (50 миң сом);

- 3-орун Кыргызстан айылы (20 миң сом);

- 4-орун Талды-булак айылы (10 миң сом);

5-орундан баштап 8-орунду алган 3 командага 5000 сомдон тапшырылды. 9-орундан 16-орунга чейинки командаларга 2000 сомдон ыйгарылды.