Ак-Талаада Баткен согушунун 19 жылдыгы белгиленип жана согуштук БТР техникасынын эстелиги орнотулду

-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылында Баткен согушунун 20 жылдыгына карата баткенчилер сыйланып жана согуштук БТР техникасынын эстелиги орнотулгандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, 26-октябрь күнү Баткен согушунун 20 жылдыгы белгиленип бир катар согуш ардагерлери сыйланышты. Оштондой эле "Ардагерлер" атындагы сейил бакка Афган жана Баткен согушунун катышуучуларына арналып тургузулган эстеликтин жанына согуштук БТР техникасы орнотулуп, ачылыш аземи белгиленди.
Иш-чарага район акими Сейтек Кулубаев, айыл өкмөт башчысы Талантбек Турусбеков, Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн Афган жана Баткен согушунун ардагери, генерал-майор Мелис Бекбоев, райондук аскер комиссариатынын комиссарынын орун басары, улук лейтенант Талант Скандарбеков, Нарын облусттук Баткен согушунун ардагерлери кеңешинин төрагасы Эркинбек Шамуратов, райондук аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек Дөлөев, айондук Афган согушунун ардагерлери кеңешинин төрагасы Жаныбек Маметов, райондук Арадегерлер кеңешинин төрагасы Шаршенбек Мурзабеков, район имамы Жаныбек Жээнбеков, Афган жана Баткен согушунун ардагерлери, ошондой эле мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө согуштук БТР техникасынын кызыл лентасы кесилип, Афган жана Баткен согушунда курман болгондорго куран окулуп, эстеликке алдына гүлчамбар коюлду.
Андан соң Баткен согушунун ардагерлерин сыйлоо аземи салтанаттуу белгиленли.
Нарын облусттук ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ардак грамотасы менен;
Баткен согушунун ардагери Нурбек Эсенгулов
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын сыйлыгы менен;
Ак-Чий айыл өкмөтүнун башчысы, Баткен согушунун катышуучусу Эрмек Айыпов ардак грамота,
Баткен согушунун ардагери Абакир Жолочиев, ыраазычылык кат,
Баетов айыл өкмөтү жана айылдык кеңештин сыйлыгы менен;
Муса Өмүрназаров ардак грамота,
Жылдызбек Кудайбергенов ардак грамота,
Курулушчу Сыймык Райкан уулу ардак грамота,
Курулушчу Урмат Жумалиев ыраазычылык кат,
Курулушчу Жылдызбек Карасартов ыраазычылык кат.
Айыл тургуну Калыбек Абдрахманов ыраазычылык кат менен сыйланышты.
Нарын облусттук Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин сыйлыгы менен;
Баткен согушунун ардагери Руслан Алыкеев ардак грамота,
Баткен согушунун ардагери Максатбек Нурманбетов ардак грамота,
Баткен согушунун ардагери Рысбек Элеманов "Күжүрмөндүк" медаль,
Баткан согушунун ардагери Съездбек Райымов "Күжүрмөндүк" медаль менен сыйланышты.
Ак-Талаа райондук аскер комиссариатынын ардак грамотасы менен;
Нурбек Жаңгараев,
Туратбек Чырмыев,
Баалуу белек менен Кундуз Абдиева сыйланды.
Андан сырткары райондук казына бөлүмүнүн, Ак-Чий, Кызыл-Белес, Тоголок Молдо, Терек айыл өкмөтү жана райондук электр тармагы ишканасынын баалуу белектери жана акчалай сыйлыктары менен айрым Баткен согушунун катышуучулары сыйланышты.
Ак-Талаа райондук Ардагерлер кеңешинин сыйлыгы менен;
Токтогон Сатыбалдиев ардак грамота,
Асылбек Мамыткожоев ардак грамота,
Калыбек Кызалаков ардак грамота менен сыйланышты жана ар бир катышуучуга баалуу белектер тапшырылды.
Республикалык Баткен согушунун ардагерлер кеңешинин медалы менен;
Кылычбек Сулайманов, "Эрдик" медаль,
Абакир Жолочиев, "Эрдик" медаль,
Алтынбек Асанакунов, "Эрдик" медаль,
Андан сырткары, БТР техникасын алууга салым кошкон Жылдызбек Кудайбергеновго, курулуш иштерин аткарган Сыймык Райкан уулу баштаган курулушчуларга, айыл өкмөт башчысы Талант Турусбековго жана айылдык кеңештин депутаттарына ыраазычылыктар айтылып өттү.
Баткен согушуна Ак-Талаа районунан жалпы 45 жигит аттанып, бири каза болгон.