Чүй облусунун Ысык-Ата районунун дыйкандары Нурманбет айыл өкмөтүнө караштуу Ивановка айылындагы кант кызылчасын кабыл алган ишканага нааразы.
Дыйкандардын айтымында, кант кызылчасын казууга бир күн калганда ишкана менен түзүлгөн келишим бузулган. Ысык-Ата районунун тургуну, Нурманбет айылдык кеңешинин депутаты Акан Иманов жыл сайын күз мезгилинде дыйкандардын көйгөйү көбөйүп жатканын билдирди.