Чүй облусунун Панфилов райондагы Курама айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыздоодо 57 км. жерге суу түтүктөрү коюлду. Бул багытта жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга маалымдады.
Алардын айтымында, райондун курамын Курама, Вознесеновка, Чалдывар, Фрунзе , Орто айыл аймактары жана Кайыңды шаары түзөт. Анда көп улуттуу 45896 калк жашайт. Өз карамагына 20 айылды жана бир шаарды камтыган райондун тургундары айыл жана мал чарбасы менн алектенишет.Таза суу менен камсыз болуу райондогу калкынын саны боюча басымдуулук кылган Курама айыл өкмөтүндө магистралдык трассанын 57 км. жерине суу түтүктөр коюлду. Ал боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Эсенаманов мындай дейт.
" Айыл өкмөтүнүн курамындагы Панфилов, Эфиронос, Жайыл, Орто -Арык айылдарындагы 2400 дөн ашуун түтүндө көп улуттуу 12 миң калк жашайт. Учурда атайын долбоор менен 170 млн. сомдук каражат жумшалып, магистралдык трассанын 57 км. жерине суу түтүктөрү коюлуп , 8700 калк таза суу менен камсыздалды Жергиликтүү тургундар жашоо шартын жакшыртуу максатында короосуна жана үй ичине суу киргизишкен " -деди ал.
Ал эми анын оюн Панфилов районунун жергиликтүү тургуну 47 жаштагы Перизат Кулунова бышыктайт."
"Айылыбызда таза суу ишке киргени көптөгөн элет көйгөйүн чечти. Корообузда, үй ичинде таза суу менен камсыз болдук. Каалаган учурда пайдаланууга жакшы шарттар түзүлдү. Өткөн айларда эле президент өзү айылыбызга келип таза суу боюнча таанышып кеткен. Анын ачылышына да катышкан. Панфилов районундагы эл менен жолугушуусунда таза суу программасы боюнча бир топ иш аракеттер болуп жатканын да белгилеген. - деди ал. Ошондой эле мектептердеги дени сак баланы тарбиялоо , ысык тамактарды уюштуруу боюнча таза суу менен камсыз болуу шарттардын жакшыргандыгына негиз болгонун А.Осмонов атындагы орто мектепбинин директору Назира Нуркалиева айтат.