Убагында милиция кызматкери болуп эмгектенип, пенсияга чыккан Шарабидин Шеримбеков быйыл 86 жашта. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.
Шарабидин Шеримбеков 1933-жылы Куланак айылында туулган. Ал ата-энесинен эрте ажырап, балдар үйүндө чоңойгон. Кийин Алматадагы милиция училищасында 3 жыл окуп, эмгек жолун Ош облустук ички иштер бөлүмүндө айдоочулуктан баштаган. Андан кийин МАИ кызматкери (мурунку аталышы) болуп 5 жыл, 15 жылдай опер кызматкери болуп иштеген. Ортодон ооруп калып пенсияга чыккан.