Эмгек менен билимди айкалыштарып окуткан Ү.Сатыбалдиев

turmush
Скачать
Просмотров: 279
 
Опубликовано 16 Сентября 2019, 17:53

Билим Акиpress басылмасы Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте «Мугалимдер.kg» рубрикасын улантат. Анда билим берүүдө педагогикалык ишмердүүлүгү менен инновациялык жаңы табылгаларды жараткан билим берүү майданынын кызматкерлери жөнүндө сөз болот.

Бүгүнкү биздин каарманыбыз — Чүй облусунун Жайыл районундагы Жон-Арык айылында жайгашкан орто мектепке ысымы ыйгарылган, 5 медалдын, «Ардак белгиси» орденинин ээси жана Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Үсөнкан Сатыбалдиев. Ал жөнүндө шакирти, замандашы, кесиптеши, КР билим берүүсүнүн мыктысы Дүйшөнбек Көчөрбаев ой бөлүшөт. Ал Ү.Сатыбалдиевдин басып өткөн өмүр жолдоруна, педагогикалык чыгармачылык изденүүлөрүнө, адамдык улуу касиеттерине токтолот.