Бүгүн, 10-сентябрда саат 15:30 чамасында Талас шаарынын Бердике баатыр атындагы борбордук көчөсүн арыктан аккан суу каптады. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Ал эми шаар Айдар Жузупбеков бул маселе чечиле тургандыгын билдирди.
«Ал жерде ошондой жер бар болчу. Бул агып жаткан суу ичиле турган суу эмес. Ал арыктан аккан суу. Башынан көп коё берилип калгандыктан ашып жатат. Бул нерсени бат эле жасап койсо болот», - деди мэр.