Кечээ, 1-сентябрь күнү Сокулуктун мал базарында сатуучулар менен алармандардын саны адаттагыдан көп болду. Бул көрүнүштү соодагерлер жаңы окуу жылы менен байланыштырышты . Аймактык кабарчы бул жолу базардагы гиссар кочкорлордун баалары менен таанышты.
Базарда эң кымбат бааланган кочкор 90 миң сом. Сатуучунун айтымында, бул кочкор айтылуу Кораблдин небереси болот.