Бүгүн, 31-августта Кызыл-Кыя шаарында Эгемендүүлүк майрамы салтанаттуу түрдө башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалыматка караганда, салтанат борбордук стадиондо өтүп жатат. Иш-чара алгач парад менен башталды. Андан соң шаар мэри Эрмекбай Топчубаев Кызыл-Кыя шаарынын тургундарын майрамы менен куттуктап, шаардагы аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Келген конокторго маданият кызматкерлеринин концерттик программасы тартууланып жатат.