Бишкек шаарындагы Фрунзе көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде 3 унаа кагышты. Окуя бүгүн, 11-августка караган түнү саат 00:30 чамасында болгонун күбөлөр билдирди.
Алардын айтымында, кырсыктан оор жаракат алган адамдар жок. Окуя болгон жерде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери иштешти.