Кадамжай районунда шабдалы 25-40 сомго чейин сатылууда. Бул тууралуу Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Айдаралы Асамидинов билдирди.
Анын айтымында, район аймагында 6 миң гектарга жакын бак-дарак болсо, анын 30% жакыны шабдалы. Быйылкы жылы 10 миң тоннага жакын шабдалы жыйналуусу күтүлүп жатат. Бул аймакта шабдалынын 10дон ашык сорту бар. Дыйкандар шабдалы бактарынын гектарынан 200-300 миң сомго чейин киреше табышууда.
Акыркы жылдары райондо мөмө-жемиш сактоочу жайлар курулуп, дыйкандар түшүмдү сактап, 3-4 айдан кийин 2 эсе жогору баада сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Кадамжай районунда мөмө-жемиш сактачуу 25 жай бар. Анын сыйымдуулугу 3500 тоннага чейин жетет.