Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган Калмираны акталаалыктар кантип тосуп алышты?

-
Категория
Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары эркин күрөш боюнча дүйнөлүк чемпионатта күмүш медаль тагынган балбан кыз Билимбек кызы Калмираны салтанаттуу тосуп алышкандыгын аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, Болгария өлкөсүндө жаштар арасында өткөрүлгөн эркин күрөш боюнча 46 өлкөнүн балбандары катышкан дүйнөнүн биринчилигинде Кыргызстандын намысын коргоп килем үстүнө чыгып, жыйынтыгында күмүш медаль тагынган акталаалык балбан Билимбек кызы Калмира кечээ 7-август күнү кичи мекени Ак-Талаа районуна кайтып келди.
Жеңиш менен кайтып келген Калмираны Бишкектен бери аяш аталары, спортчулар Нарын шаарына чейин коштоп келишти. Нарын шаарында облус башчысынын орун басары Жаркын Ибраева баш болгон бир катар жаштар, андан соң Куланак айылынын тургундары салтанаттуу тосуп алышып, кичи мекени Ак-Талаага узатышкан.
Ал эми Ак-Талаадагы жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, жаштар жана тургундар Калмираны райондун чек арасы Ак-Тал айылындагы арканын жанынан букет гүлдөр, баалуу белектер менен тосуп алышып, андан ары 20 дан ашык кортеждин коштосунда Баетов айылын көздөй сапар алышты. Баетов айылындагы Тайлак баатырдын эстелигинин алдында жаштардын уюштуруусунда миңдеген жергиликтүү тургундар "Калмира чемпион!" аталыштагы ураандын астында дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп алышты. Салтанаттын жүрүшүндө аксакалдардын атынан сөз сүйлөгөн ардагер спортчу Мелис Сулайманов кубанычтан көзүнө жаш алып куттуктоо сөзүн сүйлөп, балбан кызга 1 кылкуйрук, жаштар 1 тай тартууласа, балбан кыздын атасы, машыктыруучусу Билимбек Капарбек уулу сөз сүйлөп, салтанаттуу түрдө тосуп алып жаткан элдерге ыраазычылыгын жолдоду. Андан соң күмүш медалдын ээси Калмира Билимбек кызы сөз сүйлөп, тосуп алгандарга, колдоочуларына ыраазычылык айтып жатып "Ушул жеңишимди сиздерге арнайм!" деп, кубанычтан улам көзүнө жаш алып ыйлап жиберди.
Андан соң салтанаттуу иш-чара жергиликтүү тургундардын коштоосунда Дөрбөлжүн аянтына жөө жүрүш менен уланып, кайрадан Калмираны тосуп алуу, куттуктоо салтанатында район акими Нурбек Молдокадыров, ЖКтин депутаты Жыргалбек Турускулов, Баетов айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек Турусбеков, мекеме-ишкана жетекчилери, айылдык кеңештин депутаттары, ардагерлер жана башкалар куттуктоо сөздөрүн жолдоп, ийгилик каалоо менен бирге эле баалуу белектерин ыйгарышты. Ошондой эле Баетов айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 100 миң сомдун сертификаты тапшырылды.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Калмирага райадминистрациянын ардак грамотасы, Баетов айыл өкмөтүнүн ыраазычылык каты, ал эми райондук билим берүү бөлүмү тарабынан Калмиранын ата-энеси Билимбек Капарбек уулу жана Калбү Аппасияевге ыраазычылык кат ыйгарылды.
Андан сырткары, жеке ишкер Мурадил Сыдыков Калмираны жеңиши менен куттуктап, "Форд Фокус" үлгүсүндөгү жеңил автоунаа тартуулады.