Баткен шаарында салынып жаткан 100 батирлүү 25 үйдүн курулушу күзүндө аяктайт

turmush
Скачать
Просмотров: 287
 
Опубликовано 6 Августа 2019, 16:31

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталына салынып жаткан 100 батирлүү 25 үйдүн курулушу октябрь айында аяктап, пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта мэр Мамыр Рахимов билдирди.

Маалыматка караганда, апрель айында салына баштаган үйлөр 3,24 гектар жерге салынып жатат. Ар бир үйдө төрттөн батир болот. Курулуштун жалпы суммасы 98,5 млн сом. Акчасы Кувейттин уюму аркылуу каржыланууда. Бул кичи райондо үйлөрдөн тышкары мечит, футбол талаасы, ФАП, трансформатордук подстанция, дүкөн, кийим тигүүчү цех, канализациялык тутумдар, бала бакча кошо салынат. Мэриянын кошумча бала бакча салынууда. Аталган курулушта 70 жумушчу иштеп жатат.