Кызыл-Кыя шаарында таза суу түтүктөрү оңдолуп жатат

turmush
Скачать
Просмотров: 244
 
Опубликовано 2 Августа 2019, 10:31

Кызыл-Кыя шаарында таза суу түтүктөрү оңдолуп жатат. Бул тууралуу кечээ, 1-августта мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1956-1980-жылдар аралыгында пайдаланууга берилген таза суу түтүктөр азыр жараксыз абалга келген. Учурда аларды жаңылоо иштери жүрүп жатат. Жалпы 30 км ашык түтүк жаңыртылат.

«Таза суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери долбоордун негизинде жүрүп жатат. Аны менен катар канализацияны жаңылоо боюнча долбоор менен иштөөнү чечтик. Эгер бул ишке ашып калса Кызыл-Кыя шаарында таза көйгөйү толугу менен чечилет. Таза суу программасына жергиликтүү бюджеттен да колдоо болуп жатат», - деди шаардын мэри Эрмекбай Топчубаев.

Жергиликтүү бюджеттен таза суу долбооруна 6 млн сом акча каражаты бөлүнгөн. Шаардагы Молодежый, 14-15-кичи райондордо суу түтүктөрү орнотулат.

«Таза суу түтүктөрүн алмаштыруу жумуштары 2 жылда толугу менен аяктайт. Долбоор ишке ашып калса элге суу жеткирүү маселеси чечилет. Буга чейинки түтүктөр эски болгондуктан суулар көп жоготууга учураган. Эми бул көйгөйдөн арылабыз», - деди «Кызыл-Кыя суу канал» муниципалдык ишканасынын директору Абдилазиз Сатыбалдиев.
Галерея: Кызыл-Кыя шаарында таза суу түтүктөрү оңдолуп жатат