Илим Абышекиров Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 50 жаштагы тургуну. Ал 1969-жылы Нарын облусундагы Жумгал районунун Миң-Куш шаарчасында төрөлгөн. Балалык, окуучулук күндөрү кичи мекенинде өттү. Орто мектепте окуп жүргөндө спортко болгон кызыгуусунан улам Крупская атындагы балдардын спорт мектебинен билим алуусун уланткан. Андан соң, №3 кесиптик техникалык окуу жайынан токарлык адистигин алган.