Унаадагы сөзгө алаксыган жаш балдар мамыны сүзгөндөн кийин «кебин токтотушту»

turmush
Скачать
Просмотров: 3371
 
Опубликовано 29 Июля 2019, 16:58

Кара-Балта шаарындагы Сегизинчи март көчөсүндө электр мамысын «Хонда» автоунаасы ыргыта сүзгөн. Бул тууралуу аймактык кабарчыга окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, Сегизинчи март көчөсүнөн темир жол тосмосу жакка бурулган жердеги мамыны жогорку ылдамдыкта келе жаткан «Хонда» үлгүсүндөгү автоунаа ыргыта сүзгөн. Айдоочулары жаш балдар болгон. Алар сүйлөшүп бара жатып, сөзгө алаксып бурулуштагы мамычаны байкабай калышкан. Жабыркагандар болгон эмес.