Кара-Буура районунун Чоң-Кара-Буура айылынын 17 жаштагы тургуну Нурзат Нуртаева эркин күрөш менен машыгып ийгиликтерди жаратууда. Аймактык кабарчы андан кабар алды.
Өзүнүн айтымында, быйыл 10-класска барат.
«2017-жылдан баштап айылдагы залга бара баштагам. Башында ата-энем бир аз каршы болушкан. Залга мектептен чыгып бекинип дагы барып жаттым. Анан гана шыгымды көрүшүп,колдошту. Эң биринчи машыктыруучум Раманкулов Улан агай. Ал мени 2 жыл машыктырды. Учурдагы машыктыруучум Рыскулов Үсөн агай. Кыргыз Республикасынын чемпионатын быйыл 3-жолу уттум.
1 апта мурун эле Казакстандын Нур-Султан шаарында Азия чемпионатында коло медалды алып кайттым. Анда 69 кг салмакта күрөштүм. Менде ашыкча салмак боло элек. Өзүм 67 кг болуп жаттым. 69 кг чыгыш үчүн коюу, күчтүү тамактарды жедим. Мени менен чемпионатка барган 2 кыз салмак кармаш керек болуп, жалаң шорпо ичип, камыр тамака жолошкон жок», - деди ал.
Балбан кыз үй-бүлөдө 5 бир тууган.