«Буга чейин ат көтөрүп көргөн эмесмин»: Автоунаа утуп алган Уларбектин ийгилиги

turmush
Скачать
Просмотров: 7471
 
Опубликовано 9 Июля 2019, 10:57

Чүй облусунун 21 жаштагы тургуну Күрүчбек уулу Уларбек Суусамыр өрөөнүндө өткөн Кожомкул балбандын 130 жылдыгында ат көтөрүү мелдешинде 1-орунду жеңип алган. Ал атты өмүрүндө биринчи жолу көтөргөнүн белгиледи.

«Буга чейин ат көтөрүп көргөн эмесмин. Негизи эле 300 кг салмактагы жандуу жана жансыз заттарды көтөрүп көргөн эмесмин. Ашып кетсе 150 кг салмактагы буюм-тайымдарды көтөргөм. Нурбек Кожобеков агайым менен Адилет Барпыбеков аттуу досум экөө мени ат көтөрүү боюнча мелдешке жаздырып коюшуптур. Мелдешке жалпы кыркка чукул балбан катышып, көбү көтөрө албай коюшту. Айрымдарын ат тээп салды. Айылда мал багып, ат жалында ойноп чоңойгондуктан эч нерседен корккон жокмун. Ишенимдүү барып эле 20 см жогору көтөрдүм. Алла бизге күч-кубат берди деп ойлойм. Анткени 40 баланын ичинен 1-орунду алып, автоунаа утуп жеңдим», - деди ал.