Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылындагы борбордук эс алуу жайында Балдарды коргоо күнү белгиленди. Ага жергиликтүү тургундар, ата-энелер, окуучулар жана бөбөктөр катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.
Балдарды коргоо күнүнө арналган салтанатта райондук акиминин орун басары Ж. Нарботоев куттуктоо сөз сүйлөп, бул күн балдарга арнала тургандыгына токтолду.
«Салтанат жогорку деңгээлде өттү. Түрдүү оюн-зооктор уюштурулуп, акысыз бал муздак таркатылды. Ошондой эле "Рахат" бий жана Бишкектеги "Море шоу" топтору өнөрлөрүн тартууланды. Мындан сырткары "Акварель"студиясы мастер -класс уюштурду. Өзгөчө, Жарды-Суу айылынын 37 жаштагы тургуну Табылды Эшенкулов келинчеги Чолпон жана балдары менен 1,5 жаштагы топоз жетелеп келгени көрүүчүлөрдүн кызуугусун жаратты», - деп билдиришти жергиликтүү тургундар.