Лебединовкалык Асель Мамытова айыл өкмөтү тарабынан 10 миң сомдук сыналгы менен сыйланды

turmush
Скачать
Просмотров: 719
 
Опубликовано 27 Мая 2019, 17:15

Чүй облусунүн Аламүдүн районундагы Ж.Касымбаева атындагы №2 Лебединовка мектеп-гимназиясынын 11-классынын бүтүрүүчүсү Асель Мамытова акыркы коңгуроо салтанатында айыл өкмөтү тарабынан 10 миң сомдук сыналгы менен сыйланды. Бул тууралуу Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Венера Эгембердиева аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, А.Мамытова «Алтын тамга» тестирлөөсүнөн ийгиликтүү өтүп, артыкчылык аттестатын алуу алдында турат.